Ысык-Көл облусунда 70 аз камсыздалган үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

Ысык-Көл облусунда 70 аз камсыздалган үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Алар бул суммага чакан ишкерлик баштап, жакырчылыктан чыгуу аракетин көрүшү керек.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекеттен мындай жардам алуу жарандардын аң-сезимин өзгөртүшү керек – алар пассивдүү пособие алуучулардын катарынан чыгып,… Кененирээк…

WhatsApp мессенжеринде жаңы функция

WhatsApp мессенжеринде жаңы функция.   Эми колдонуучулар бир эмес, төрт смартфондон же планшеттен аккаунтка кирүү мүмкүнчүлүгүн алышат. Ал үчүн негизги смартфон менен экинчи телефондон QR-кодду сканерден өткөрүү керек.   Андан кийин бардык чаттар эки телефондун ортосунда синхрондолот. Кошумча смартфондорду же планшеттерди туташтыруу менен процедураны дагы… Кененирээк…

Улуттук банк 80 коллекциялык тыйынды аукционго чыгарат

Улуттук банк 80 коллекциялык тыйынды аукционго чыгарат. Алардын баштапкы баасы 450 сомдон жогору. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, акция Кыргызстандын улуттук валютасынын 30 жылдыгына арналат.   “Манас” эпосунун миң жылдыгы”, “Ош-3000”  жана “Сулаймае-Тоо” алтын, күмүш медалдары эң кымбат болот.  Алардын баштапкы баасы 102 миң сом.

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, аба-ырайынын катаал шарттарынан улам трассанын 214-234-чакырымдары чектелди.   Эркечтам ашуусунда тынбай кар жаап, бороон болууда. Андыктан, жолчуларга жана атайын техникага кар тазалоо иштерин жүргүзүүдө кыйын болуп жатат, — дешти ведомстводон.

Кыргызстандын темир жол тармагынын инфраструктурасын жакшыртууга Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы 11 миллион евро бөлүп берет

Кыргызстандын темир жол тармагынын инфраструктурасын жакшыртууга Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы 11 миллион евро бөлүп берет. Министрлер кабинети тиешелүү кредиттик макулдашууну жактырды.   Сумманын 8 миллиону насыя болсо, калганы кайтарымсыз негизде тапшырылууда.   Каражатка Кемин – Балыкчы темир жолунун Боом капчыгайына тиешелүү тилкесинде… Кененирээк…

Япониялыктар кайрадан жылмаюуну үйрөнүшөт

Япониялыктар кайрадан жылмаюуну үйрөнүшөт. Өлкөдө жылмайып жүрүүгө үйрөтүүчү атайын курстар ачылды. Японияда 3 жыл бою коронавирус пандемиясында катуу чектөөлөр болуп, беткап режими сакталган.   Ал жакында эле жокко чыгарылып, элдер кадимки жашоо шартына көнө албай жүргөнү байкалды. Көбү күлүп жүргөндү унутуп калганын моюндашты.   Жаңы… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө бүгүн таза суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө бүгүн таза суу өчүрүлөт.   “Бишкек суу каналы” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 9га чейин суу Фрунзе, Бөкөнбаев, Кулиев, Москва, Фучик көчөлөрүндө, Жибек Жолу, Манас проспектилеринде жана Жаш Гвардия бульварында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчөт

 Бейшембиде, 13-апрелде, борбор калаанын кээ бир аймактарында жарык өчөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасы билдирди. Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар: 9:00-13:00 — Ак-Өргө (Кербез көчөсү) конушунда, Эркиндик проспектисиндеги №41 үйдө; 9:00-18:00 — Төмөнкү Ала-Арча (Кыргызская, Коллекторная, Панфилов, Чагай көчөлөрү, Колхозный туюк көчөсү) айылында;… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында алтын медаль утту

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында алтын медаль утту. Ал  62 килограмм салмак категориясында беттешип, монголиялык атаандашын  9:4 эсебинде жеңип алды.   Тыныбекова чейрек финалда өзбекстандык каршылашын 13 секундда далысын жерге тийгизип утса, жарым финалда япониялык Ноноки Озакини жеңген. Муну менен Айсулуу Тыныбекова Азиянын 5 жолку чемпиону… Кененирээк…