WhatsApp мессенжеринде жаңы функция

WhatsApp мессенжеринде жаңы функция.

 

Эми колдонуучулар бир эмес, төрт смартфондон же планшеттен аккаунтка кирүү мүмкүнчүлүгүн алышат. Ал үчүн негизги смартфон менен экинчи телефондон QR-кодду сканерден өткөрүү керек.

 

Андан кийин бардык чаттар эки телефондун ортосунда синхрондолот. Кошумча смартфондорду же планшеттерди туташтыруу менен процедураны дагы үч жолу кайталаса болот. Бул функция учурда сыноодон өтүүдө, ал  жалпы колдонуучуларга качан жеткиликтүү болору азырынча белгисиз.