Япониялыктар кайрадан жылмаюуну үйрөнүшөт

Япониялыктар кайрадан жылмаюуну үйрөнүшөт. Өлкөдө жылмайып жүрүүгө үйрөтүүчү атайын курстар ачылды. Японияда 3 жыл бою коронавирус пандемиясында катуу чектөөлөр болуп, беткап режими сакталган.

 

Ал жакында эле жокко чыгарылып, элдер кадимки жашоо шартына көнө албай жүргөнү байкалды. Көбү күлүп жүргөндү унутуп калганын моюндашты.

 

Жаңы ачылган курстарга 4 миңден ашык адам келди. Программага атайын көнүгүүлөр киргизилген. Алар күзгүнүн жардамы менен жасалары айтылууда.