Кыргызстандын темир жол тармагынын инфраструктурасын жакшыртууга Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы 11 миллион евро бөлүп берет. Министрлер кабинети тиешелүү кредиттик макулдашууну жактырды.
Сумманын 8 миллиону насыя болсо, калганы кайтарымсыз негизде тапшырылууда.
Каражатка Кемин – Балыкчы темир жолунун Боом капчыгайына тиешелүү тилкесинде таш түшүү коркунучунан сактоочу галереяны куруу жана универсалдуу жарым вагондорду сатып алуу пландалып жатат.