Бишкектин бир бөлүгүндө бүгүн таза суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө бүгүн таза суу өчүрүлөт.

 

“Бишкек суу каналы” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 9га чейин суу Фрунзе, Бөкөнбаев, Кулиев, Москва, Фучик көчөлөрүндө, Жибек Жолу, Манас проспектилеринде жана Жаш Гвардия бульварында жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.