Каракол – Эңилчек унаа жолу убактылуу жабык

Каракол – Эңилчек унаа жолу убактылуу жабык. Унаа жана жолдор министрлигинен такташкандай, кечээ Ак-Суу районундагы аталган жолдун Чоң-Ашуусунда кар көчкү түшүп, каттам эки тараптуу жабылган.   Маалыматка ылайык, учурда бороон болуп жатат. Аба ырайынын катаал шарттарынан улам жолду тазалоо мүмкүн эмес. Трасса болжол менен эки… Кененирээк…

Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү

Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү.   Бириккен күрөш дүйнөсүнүн балбандар арасындагы тизмеси жаңыланды. Ага ылайык, грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмактагы спортчулар тизмесинде Махмудов 55 миң упай менен биринчи орунга чыкты.   Буга чейин биринчилик венгриялык балбанга тиешелүү болчу. Акжол Махмудовдун тизменин сап… Кененирээк…

Ысык-Көл эл аралык марафонун өткөрүүгө өкмөт 10 миллион сом бөлдү

Ысык-Көл эл аралык марафонун өткөрүүгө өкмөт 10 миллион сом бөлдү. Дене тарбия жана спорт департаментинин бөлүм башчысы Тилекмат Абдырахмановдун айтымында, каражат марафонго даярдык жана аны өткөрүү, ошондой эле байге фонду, диплом, медалга жумшалат.   Эске салсак, Ысык-Көлдө 13-майда Шанхай кызматташтык уюмунун колдоосу менен эл аралык марафон… Кененирээк…

Кыргызстанда быйыл айыл чарбасына 10 миллиард сомдой насыя бөлүнөт

Кыргызстанда быйыл айыл чарбасына 10 миллиард сомдой насыя бөлүнөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Бакыт Төрөбаев билдирди.   Маалыматка ылайык, бул сумма 11 миңдей гана адамга жетет.   Насыянын үстөгү 6 пайыздан ашпайт жана банктар анын үстүнө үстөк кошууга укугу жок. Каражат дыйкандарга мамлекеттик эки… Кененирээк…

Кадамжайда кубаттуулугу 4 мегаватты түзгөн чакан ГЭС курулууда

Баткен облусунун Кадамжай районунда кубаттуулугу 4 мегаватты түзгөн чакан ГЭС курулууда.   Novosti.kgге райондук акимчиликтен билдиришкендей, гидроэлектрстанция Исфайрам дарыясында жайгашат.   Долбоордун жалпы сметалык баасы 3 миллион долларды түзөт. ГЭСти жеке инвесторлор каржылоодо.   Анын биринчи агрегаты май-июнь айларында сыноодон өткөрүлөт.

Ирактын абактарында 41 кыргызстандык кармалып турат

Тышкы иштер министрлигинин 13-апрелде маалымдаганы боюнча, ушул тапта Ирактын абактарында кыргызстандык 41 жаран «Ирактын аймагындагы террордук ишмердүүлүгү үчүн» соттолуп, кармалып турат.   28-февралда Ирактан жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн эки кыргызстандык жаран алып келинген.   2021-жылы 16-мартта «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен кыргызстандык жарандардын… Кененирээк…

АКШда полицияда кызмат өтөй турган роботтор тартууланды

АКШда полицияда кызмат өтөй турган роботтор тартууланды. “Диджидог” же робот-иттер кооптуу кылмышкерлер жашынган жабык имараттарга кире алат. “К5” аталышындагы дагы бир робот Нью-Йорктун көчөлөрүндө кайгуул жүргүзөт.   Шаар тургундары жана коноктору роботторго кайрылып, полиция чакырта алат.

Мырза-Аке — Кара-Кулжа унаа жолуна түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланды

Мырза-Аке — Кара-Кулжа унаа жолуна түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланды.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 12-апрелде аталган жолго көлөмү 1 миң 700 метр кубдан ашык кар көчкү түшүп, 10дон ашык унаа элүүдөй жүргүнчүсү менен өтө албай калган. Жолчулар жана… Кененирээк…

Чаткал – Ташкент жолунун курулушу бир айдын ичинде башталат

Чаткал – Ташкент жолунун курулушу бир айдын ичинде башталат. Бул тууралуу Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев “Азаттыкка” билдирди.   Анын айтымында, учурда каттамдын долбоору чийилип жатат. Чаткал-Ташкент жолунун Беш-Арал коругунун аймагынан өтүүчү багыты өзгөрүлдү.   Инвестор Кыргызстанга тиешелүү 70 чакырым жолду курат, Өзбекстан өзүнө тиешелүү… Кененирээк…