Ысык-Көл облусунда 70 аз камсыздалган үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Алар бул суммага чакан ишкерлик баштап, жакырчылыктан чыгуу аракетин көрүшү керек.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекеттен мындай жардам алуу жарандардын аң-сезимин өзгөртүшү керек – алар пассивдүү пособие алуучулардын катарынан чыгып, эмгек рыногунун активдүү катышуучулары болот.
100 миң сомдон алгандарга 3 жыл “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу берилбейт.