Улуттук банк 80 коллекциялык тыйынды аукционго чыгарат. Алардын баштапкы баасы 450 сомдон жогору. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, акция Кыргызстандын улуттук валютасынын 30 жылдыгына арналат.
“Манас” эпосунун миң жылдыгы”, “Ош-3000” жана “Сулаймае-Тоо” алтын, күмүш медалдары эң кымбат болот. Алардын баштапкы баасы 102 миң сом.