Өлкөнүн тоолуу аймактарына көчкү түшөт

Өлкөнүн тоолуу аймактарына көчкү түшөт.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 18-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болуп муз тоңушу күтүлөт. Кооптуу тилкелерге Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайы, Каракол –… Кененирээк…

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн казынага 10 миллиард сом түштү

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн казынага 10 миллиард сом түштү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине берген маегинде билдирди.   Ал ишендиргендей, эки жарым жылдан бери жемкорлукка айыпталгандар төккөн акчанын дээрлик баары мамлекетке түштү.   Белгилеп кетсек, Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, коррупцияга каршы… Кененирээк…

Улуттук банк валюта рыногуна 46 миллион доллардан ашык сатты

Улуттук банк валюта рыногуна 46 миллион доллардан ашык сатты.   Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, жыл башынан бери жети жолу интервенция жасалып, жалпы суммасы 353 миллион 470 миң долларды түздү.   Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.   Эске салсак, былтыр Улуттук… Кененирээк…

Ноокатта мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча кайтарылды

Ноокатта мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан мурда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Ноокат райондук сотунун 2008-жылдагы чечими менен Кеңеш айыл аймагынын Арбын айылында жайгашкан бала бакчанын имараты менен 0,18 га жер тилкесине мыйзамсыз… Кененирээк…

Ош шаарынын борборуна жер үстүндөгү өтмөк курулат

Ош шаарынын борборуна жер үстүндөгү өтмөк курулат. Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулушка тендер жарыялады.   Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, пландалып жаткан сумма 46 миллион сомдон ашат.

Кыргызстанда 1-майдан тартып калк үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт

Кыргызстанда 1-майдан тартып калк үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.   Документке ылайык, электр энергиясын 700 киловатт-сааттан жогору көлөмдө пайдаланган учурда тариф 2 сом 16 тыйын болуп мурдагы деңгээлде сакталат.   Муктаж болгон үй-бүлөлөр… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы бала бакча ачылды

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы бала бакча ачылды.   Облус администрациясынан билдиришкендей, Ой-Тал айылында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемесинде бөбөктөрдү кабыл алууга бардык шарттар каралган.   Бала бакча имаратын оңдоого дээрлик 3,5 миллион сом бөлүнгөн.

Кенелер сезону башталды

Кенелер сезону башталды. Буга байланыштуу, дарыгерлер сак болууга чакырат. Аталган курттардын активдешүүсү апрель-майда жана августтун акырында байкалат.   Адатта зоолдор Түп районунун өрөөндөрүндө, Ала-Арча жана Кегети капчыгайларында көп кездешет. Жаратылыш койнуна чыккандар жабык кийинүүсү зарыл. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык,  жыл сайын энцефалит кенелеринен 1… Кененирээк…

Элчибек Жантаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Элчибек Жантаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.   Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин Жантаев Ысык-Көл облусундагы өкүл болуп эмгектенген.   Белгилеп кетсек, президенттин тапшырмасы менен Ош облусунун жетекчилигинин иши текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында бузуулар аныкталып, бир катар жетекчилер, анын ичинде… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган баткендик ишкерлердин кредиттери жоюулат

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган баткендик ишкерлердин кредиттери жоюулат. Тиешелүү мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өттү.   Каржы министринин орун басары Улукбек Календеровдун айтымында,  75 ишкерге 0,1 пайыздык үстөк менен 200 миң сомдон насыя 3 жылдык мөөнөткө берилген.   Чийиле турган жалпы сумма 15 миллион… Кененирээк…