Бишкектин Ак-Босого жаңы конушунда 140 орундуу бала бакча курулат

Бишкектин Ак-Босого жаңы конушунда 140 орундуу бала бакча курулат. Тиешелүү тендерди мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.   Муниципалитеттен билдиришкендей, объектинин курулушу шаардык бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.   Сынак тууралуу толук маалыматты мамлекеттик сатып алуулар порталынан алса болот: www.zakupki.gov.kg

Ысык-Көлдүн Күрмөнтү айылынын тургуну кирпич чыгарган завод курууда

Ысык-Көлдүн Күрмөнтү айылынын тургуну кирпич чыгарган завод курууда. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, бул үчүн облусту өнүктүрүү фонду 7,5 миллион сом пайызсыз насыя берген.   Учурда ишканада 10 кызматкер иштейт. Ал эми завод толук ишке киргенде алардын саны көбөйөт.   Ишкана ачылса сапаттуу жана баасы салыштырмалуу… Кененирээк…

Ноокатта 100дөн ашык жаранга кызыл китеп тапшырылды

Ноокат районунда 104 жаранга турак жайын мыйзамдаштырган кызыл китеп тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, жерге мунапыс жарыялангандан бери Ноокат районунун жарандарынан жерлерин мыйзамдаштыруу үчүн 3 мин 198 арыз түшкөн. Анын ичинен 572 адам турак жайына мыйзамдуу түрдө ээлик кылууга… Кененирээк…