Америкалык турист катары дүйнөнүн бардык өлкөсүн кыдырып чыкты

Америкалык турист катары дүйнөнүн бардык өлкөсүн кыдырып чыкты. Ал акыркы сапарын Түркмөнстанга жасады. Кеп Сан-Диеголук Рэнди Уильямс жөнүндө болуп жатат.   Ал киши Борбор Азия өлкөсүнө туристтер үчүн ачылгандан кийин келе алган. Уильямс Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 193 өлкөгө, ошондой эле Палестина жана Ватиканга барган.… Кененирээк…

Евробиримдик менен «Жашыл экономика» боюнча келишимге кол коюлду

Швейцариянын, Германиянын өкмөттөрү жана Евробиримдиктин структуралары Кыргызстанга дээрлик 10 миллион евро бөлөт. Каражат “жашыл экономика” долбоорлорун өнүктүрүүгө жумшалат. Бул боюнча келишимге Бишкекте кол коюлду.   Сумма грант түрүндө берилет, программанын өзү үч жылга эсептелген. Анын алкагында ар кандай тармактар, анын ичинде энергетика, чакан жана орто… Кененирээк…

Оштон Новосибирскке авиакаттамдардын саны көбөйдү

Оштон Новосибирскке авиакаттамдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, каттамдар ата мекендик авиакомпания тарабынан жумасына бир жолу – шаршемби күндөрү аткарылат.   Белгилеп кетсек, аталган багыт боюнча буга чейин аптасына 8 рейс аткарылып келген.

Мамлекеттик программа аркылуу 400дөн ашык адам бала бакча ачкысы келет

Мамлекеттик программа аркылуу бала бакча ачууну каалаган 400дөн ашуун адамдан арыз түштү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.   Программа мектепке чейинки билим берүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу, аны жеткиликтүү кылуу жана ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүү максатында түзүлгөн.   Ага ылайык, Бишкектеги мектептердин аймагында жума сайын 20-25 каалоочу… Кененирээк…

Бишкектин жанындагы жаңы стадиондун курулушу быйыл башталат

Бишкектин жанындагы жаңы стадиондун курулушу быйыл башталат. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков билдирди.   Анын айтымында, бүгүнкү күндө бөлүнгөн участоктун документтерин тариздөө процедуралары аяктап жатат. Долбоор боюнча спорттук жай 22-25 миң кишиге ылайыкташат.   Эске салсак, өкмөт буга чейин Чүй облусунун Сокулук… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт, ошондой эле жолдор тайгак болуп муз тоңот.   Кооптуу тилкерлердин тизмесине Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусу… Кененирээк…

Оштогу борбордук стадионду капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды

Оштогу борбордук стадионду капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.   Долбоорго ылайык, стадиондо 12 миң 500 көрүүчүгө ылайыкташкан отургучтардын баары толугу менен алмаштырылып, административдик имаратынын сырты жаңыланат. Ал эми футболчулар үчүн кийим алмаштыруучу жана душ бөлмөлөрү толук оңдолот.   Бүгүнкү күндө жеринде… Кененирээк…

Бишкекте жаңы курулуштардын жер титирөөгө туруктуулугу текшериле баштады

Бишкекте жаңы курулуштардын жер титирөөгө туруктуулугу текшериле баштады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык-чарба агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, ведомстволор аралык жумушчу комиссия Бишкектин түштүк бөлүгүндө жайгашкан курулуш объектилерине текшерүү жүргүздү. Анын алкагында шаар куруу жана архитектура мыйзамдарынын сакталышы, уруксат берүүчү документтер, курулуш… Кененирээк…

“Техникалык абал” жана “Коомдук транспорт” аталышындагы рейд башталды

Кыргызстандын аймагында “Техникалык абал” жана “Коомдук транспорт” аталышындагы рейд башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, иш-чара 31-майга чейин уланат. Анын алкагында коомдук тарнспорттор катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу, ылдамдыкты ашырып айдоого жол бербөө, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук… Кененирээк…

Бишкектин Манас проспектиси көрктөндүрүлөт

Бишкектин Манас проспектиси көрктөндүрүлөт. Буга байланыштуу тапшырманы калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын жетекчилерине бергенин мэриядан билдиришти.   Ага ылайык, бардык жарнамалар эрежеге жана жобого ылайыкташтырылып, проспектидеги тосмолордун абалына көңүл бурулат. Мындан тышкары, Манас проспектисинин боюндагы бардык кире бериш топтор жана тепкичтер иретке келтирилүүгө тийиш.