Илон Маск кайрадан дүйнөдөгү эң бай адам

Tesla жана SpaceX компаниясынын башчысы Илон Маск кайрадан дүйнөдөгү эң бай адам. 1-июнга карата анын байлыгы 192 миллиард долларга бааланды. Бир күн мурун Тесланын акциялары бир пайыздан ашык кымбаттагандыктан, Маск бир суткада дээрлик 2 миллиард долларга байыды.

 

Ошол эле учурда француз ишкери Бернар Арнонун акциялары 2 пайыздан ашык арзандады. Ошентип, байлар тизмесинин мурунку лидери 5 миллиарддан ашык жоготуп, экинчи орунга жылды. Учурда анын байлыгы 187 миллиард долларды түзөт.