Кыргызстанда ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу үч этап менен ишке ашат.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, биринчи этапта 300 миң адам, экинчисинде 1 жарым миллион жана үчүнчү этапта 700 миң кыргызстандык камтылат.
Учурда ведомство эл аралык өнөктөштөрдөн жана каржы институттарынан 700 миллион доллардан ашык инвестиция тартуу планын даярдап жатат.