Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланган Лейлектеги 100 үй калыбына келтирилди

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланган Лейлектеги 100 үй калыбына келтирилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, турак жайлар ээлерине тапшырылды.

 

Былтыркы жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта Баткен облусунда 400дөн ашык үй жабыркаган, анын ичинен 100ү Лейлек районунда жайгашкан. Ошондой эле социалдык объектилер талкаланган.