Германия Кыргызстанга 4,5 миллион евро бөлдү

Германия Кыргызстанга 4,5 миллион евро бөлдү.

 

Экономика министрлигинен билдиришкендей, каражат учурдагы жана пландаштырылган долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат. Тактап айтканда, Бишкек, Ош жана Талас шаарларында перинаталдык борборлор курулат жана жабдылат.

 

Мындан тышкары, Бишкектин кургак учукка каршы ооруканасына жаңы жабдууларды алып келүү пландалууда.