Ала-Арча паркы эки күнгө жабык болот
Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы эки күнгө эс алуучулар үчүн эшигин жабат. Президенттин иш башкармалыгынын «Кыргыз мамлекеттик «Ала-Арча» жаратылыш паркы» мекемесинен билдиришкендей, парктын аймагы 7-июнь жана 10-июнь күндөрү жабык болот. Бул күндөрү паркты тазалоо, ички оңдоо иштери жүргүзүлөт.