Кыргызстанда жаңы туристтик объектилерди 3 жылга салыктан бошотуу сунушталды. Туризм департаментинин башчысынын орун басары Кыял Кенжематованын айтымында, кеп мейманканалар, тоо-лыжа базалары жана туристтик комплекстер жөнүндө болуп жатат.
Демилге жаңы бизнеске колдоо көрсөтүү максатын көздөйт. Сунуш Экономика министрлигине жөнөтүлдү.