Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси ПСЖдан кийинки келечеги боюнча чечим кабыл алды.
Ал америкалык “Интер Майами” клубуна өтөт. Белгилеп кетсек, аталган клубдун жарым үлүшү Дэвид Бекхэмге таандык.
Эске салсак, 3-июнда Пари Сен Жермен Мессинин кетиши боюнча расмий жарыялады. ПСЖ үчүн ал 2021-жылдан бери ойноп келген.