Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртууга 30 миллион доллар алат

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртууга 30 миллион доллар алат.

 

Аталган келишимди ратификациялоо долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда жактырылды. 10 миллион кредит катары берилсе, 20 миллион доллар грант.

 

Долбоордун алкагында Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында 16 лаборатория жана 5 оорукана, ошондой эле биоматериалдарды жыйноочу 50 пункт камтылган.