Кыргызстанда аскерде кызмат өтөө мөөнөтү узартылат

Кыргызстанда аскерде кызмат өтөө мөөнөтү узартылат. Жогорку Кеңеш 12ден 14 айга эана аскердик келишимдин мөөнөтүн 5тен 10 жылга узартуу мыйзам долбоорун кабыл алды.   Ал президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Демилге Коргоо министрлигине таандык. Ведомстводон буга чейин түшүндүрүшкөндөй, биринчи чакырылыш кетип, кийинкиси толукталып, даяр… Кененирээк…

Француз чабуулчусу Карим Бензема Сауд Арабиянын “Аль-Иттихад” клубуна өттү

Француз чабуулчусу Карим Бензема Сауд Арабиянын “Аль-Иттихад” клубуна өттү. Келишим 2026-жылга чейин эсептелген. Бензема 2 сезондо 200 миллион евро табат. Андан тышкары, ал салыктардан бошотулушу мүмкүн.   Эске салсак,  2009-жылдан тарта Бензема мадриддик “Реалда” ойноп келген. Бул убакыт аралыгында ал 25 титулга ээ болду, Испания… Кененирээк…

Кыргызстан менен Катар кызматташуу боюнча бир нече документтерге кол койду

Кыргызстан менен Катар кызматташуу боюнча бир нече документтерге кол койду. Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин расмий жолугушуу аземи болду.   Сүйлөшүүлөрдөн соң айыл чарба, медицина, маданият, саламаттык сактоо, спорт, укуктук тармакта эки тараптуу… Кененирээк…

Жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга 1 млн 900 миң турист келди

Ушул жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга 1 миллион 900 миң турист келди. Негизинен булар коңшу өлкөлөрдөн, ошондой эле Европа, Араб мамлекеттеринен келген коноктор, дейт туризм департаментинин орун басары Кыял Кенжематова.   Анын айтымында, былтыр республикага 7,5 миллионго жакын турист келген. Быйыл өсүш күтүлүүдө. Божомолдор боюнча Кыргызстанга… Кененирээк…

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар качан тапшырылары белгисиз

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттарды тапшыруу мөөнөтү азырынча белгисиз. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда 9-11-класстын окуучулары мамлекеттик экзамендерди тапшырып жатышат.   Буга чейин мекеме бүтүрүүчүлөрдүн документтерин тапшыруу салтанаты окуу жайларда ата-энелердин жана мугалимдердин катышуусунда өтөрүн билдирген. Өткөн жылдардагыдай эле бүтүрүү кечелерин кафелерде… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанда дээрлик 250 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Быйыл Кыргызстанда дээрлик 250 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул максаттарга 4,5 миллиард сом каралганын “Экономист” басылмасына Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Жумуштар өлкө боюнча министрликтин балансында турган жалпы пайдалануудагы автожолдордо жүргүзүлөт. Учурда Балыкчы-Бөкөнбаев-Барскоон жолун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө 20 чакырым тилкеге… Кененирээк…

Ош шаарында жалпы ишембилик өтөт

10-июнда Ош шаарында жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.   Ага ылайык, Ош шаарындагы бардык мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактардын, ички-сырткы көчөлөрүнүн жана имараттардын тазалыгына, жашылдандыруу жумуштарынын жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулат.

Бишкектин түштүк райондорунда түнкүсүн суу берүү токтотулат

Бишкектин түштүк райондорунда түнкүсүн суу берүү токтотулат. Бул тууралуу «Бишкексууканалдан» билдиришти.   Маалыматка ылайык, аталган аймактан тышкары «Ынтымак» жана «Ала-Арча» конуштарында да ичүүчү суу түнкү саат 11ден таңкы 6га чейин өчүрүлөт. Бул аргасыз чара, ордо калааны туруктуу суу менен камсыз кылуу үчүн суу сактагычтарды толтуруу… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдө унаа кыймылына убактылуу чектөө бүгүн да киргизилет

Бишкек жана Чүйдө унаа кыймылына убактылуу чектөө бүгүн да киргизилет.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, “Манас” аэропорту, Фучик, Садырбаев көчөлөрү, Жаш Гвардия бульвары, Чүй, Манас проспектилери маал-маалы менен жабылат. Мындай чектөөлөр Катар эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга сапары менен… Кененирээк…

«Дордой» Роналду ойногон клуб менен кызматташууга ниеттенүүдө

Бишкектин «Дордой» клубу португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду ойногон саудиялык «Аль-Наср» клубу менен кызматташууга ниеттенүүдө.   Кыргызстандык клубдун жетекчилиги өткөн аптада Сауд Аравиянын Про-Лигасынын алкагындагы «Аль-Наср» менен «Аль-Фатех» беттешине барган. Анда тараптар кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле жаштар футболун өнүктүрүүнү талкуулашты, — деп билдирди «Дордой» футболдук клубунун… Кененирээк…