Баткенде “Жаштык” жана “Жеңиш” эс алуу парктары оңдолот

Баткенде “Жаштык” жана “Жеңиш” эс алуу парктары оңдолот. Вице-мэр Акылбек Орозовдун айтымында, учурда калыбына келтирүү иштерине даярдык көрүлүүдө.

 

Парктардагы айрым объектилер демонтаждалып жатат. Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашат. Донор бул максатта 44 миллион сом бөлүп берүүдө.