Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо жөнүндө мыйзам долбоор Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда жактырылды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо жөнүндө мыйзам долбоор Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда жактырылды.

 

Кайра калыбына келтирүү иштерине   13,5 миллион еврону Европалык өнүктүрүү банкы бөлүп берет.

 

Каражаттын бир бөлүгү кредит катары берилсе, калганы кайтарымсыз негизде тапшырылат. Күтүлгөндөй, реконструкциялоо иштеринен кийин Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу дээрлик 1,5 эсе өсөт. Долбоор 2027-жылга чейин эсептелген.