Ысык-Көлдө быйыл 5 туристтик сервис борбору курулат. Туризм департаментинин жетекчисинин орун басары Кыял Кенжематованын айтымында, долбоорду ишке ашыруу боюнча Дүйнөлүк банк менен макулдашуу 2018-жылы эле ратификацияланган.
Убакыттын көбү жер тилкелерин аныктоого, документтерди даярдоого жана экспертизаларды өткөрүүгө кетти. Учурда департамент объектилердин курулушун кайрадан баштоодо, — деди Кенжематова.