Ош облусунун Кара-Суу районунда ири логистикалык борбор курулат

Ош облусунун Кара-Суу районунда ири логистикалык борбор курулат.   Президенттин аталган аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, логистиканын жаңы тутуму регионго инвестицияларды тартууга, жаңы ишканаларды ачууга, жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү бизнести өнүктүрүүгө шарт түзүп берет.   Борбордун курулушуна дээрлик 1,5 гектар жер тилкеси бөлүндү.

1-июлдан тарта маркировкасы жок акциз товарларын жүгүртүүгө тыюу салынат

1-июлдан тарта маркировкасы жок акциз товарларын жүгүртүүгө тыюу салынат.   Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан эске салышты. Кеп, сыра, электрондук чылымдар үчүн никотиндүү суюуктуктар жана бир жолку колдонулуучу электрондук тамекилер тууралуу болуп жатат.   Талаптар аткарылбаса, физикалык жактар 20 миң сомго, юридикалык жактар 65 миң… Кененирээк…

Лионель Месси аргентиналык “Коргоочулар” сериалына тартылды

Лионель Месси аргентиналык “Коргоочулар” сериалына тартылды.   36 жаштагы футболчу экинчи сезондо өзүн өзү ойноду. Анда 3 футбол агенти Мессини эс алуу учурунда аргентиналык клубдар үчүн ойноп берүүнү өтүнөт.   Съемкалар өткөн жылдын жайында Парижде өткөн. Экинчи сезон көрүүчүлөргө жакынкы арада тартууланат деп пландалууда.

Чолпон-Ата жана Бостериде коопсуздук күчөтүлгөн тартипте сакталууда

“Шумкар” атайын полкунун кызматкерлери Чолпон-Ата жана Бостериде кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти.   Мындай чара жайкы туристтик сезондо эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынды.

Бишкекте креативдүү индустриялар паркы ачылды

Креативдүү индустриялар паркынын расмий ачылышынын салтанаттуу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. “Ар кандай терс божомолдорго карабастан, президент башында турган министрлер кабинети өлкөнүн стабилдүүлүгүн жана ырааттуу өсүшүн камсыздап гана тим болбостон, “Кыргызстан эмне кыла алат” дегенди бүт дүйнөгө далилдей алды: биздин өлкөгө карата бардык… Кененирээк…

Бишкектин кээ бир жеринде жарык өчөт

Борбор калаанын бир нече аймактарында 30-июнь күнү жарык өчөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасы билдирди. График: 5:00-17:00 — Достук кичи районунда, Эгинчиев, Шаттык, Маданият, Билим, Кубаныч, Орнок жаңы конуштарында, Касым конушунда, Кайназарова, Профсоюзный, Достук 2, Достук 4, Керемет 1, Керемет 2, Талды-Суу, Буурдин, Ала-Бука,… Кененирээк…

Күрөштөн Олимпиадага лицензиялык мелдеш Бишкекте өтөт

Эл аралык күрөш уюму (UWW) 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо берген мелдештердин тизмесин жарыялады. Ага ылайык Азия чөлкөмү боюнча лицензиялык мелдеш Бишкек шаарында өтөт. Буга удаа эле Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты болот. Бул Кыргызстанда өтө турган алгачкы лицензиялык мелдеш болмокчу.… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш талаштуу “Билим берүү жөнүндө” мыйзамды колдоду

“Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн 29-июнда Жогорку Кеңештен колдоо тапты. Долбоор үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды, эми ал президентке кол коюуга жөнөтүлөт.   Көз каранды эмес, эл аралык тажрыйбага таянган эксперт катары катышкан авторлор долбоордун колдоо табышын тарыхый чечим деп баалап, билим берүү тармагынын… Кененирээк…

Бишкекте автобекеттердин айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүүдө

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы автобекеттердин айланасын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Батыш автобекетинде автобустардын ыңгайлуу өтүшү үчүн бордюрлар орнотулууда, монтаждоо иштери аяктагандан кийин асфальттоо жана мурда орнотулган бетон тосмолорун алып салуу пландалууда.   Андан соң Чыгыш автобекетин көрктөндүрүү иштери башталат. Ал жерде брусчатка төшөлүп,… Кененирээк…

FIFA рейтингинде Кыргызстан курамасынын позициясы төмөндөдү

Бүгүн FIFA уюму футбол боюнча улуттук курамалардын дүйнөлүк рейтингин жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан кабарлашты.   Ага ылайык, Кыргызстандын улуттук курама командасы бир позицияга төмөндөдү — буга чейин 96-орунда болсо, эми 97чи баскычта (211 орундун ичинен). АФКнын рейтингинде улуттук курамакоманда 46 орундун ичинен 17-сапта жайгашкан.… Кененирээк…