Жогорку Кеңеш талаштуу “Билим берүү жөнүндө” мыйзамды колдоду

“Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн 29-июнда Жогорку Кеңештен колдоо тапты. Долбоор үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды, эми ал президентке кол коюуга жөнөтүлөт.

 

Көз каранды эмес, эл аралык тажрыйбага таянган эксперт катары катышкан авторлор долбоордун колдоо табышын тарыхый чечим деп баалап, билим берүү тармагынын өнүгүшүнө, сапатты жогорулатууга шарт түзүлөрүн белгилеп жатышат.

Негизги жаңылык катары алар бала бакча ачуу жеңилдей турганы, мектептерди текшерүү жана мугалимдердин кагаз толтурмай түйшүгү азая турганы, ваучер системасы кирери, мектептеги аккредитация жоюларын айтууда.

 

Долбоор парламентте талкууланып жатканда айрым депутаттардын кескин сынына, каршылыгына кабылган. Депутат Надира Нарматова эксперт катары катышкан авторлорду сырттан каржыланат деп айыптаган.

 

Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бала бакчага, мектепке жана жогорку окуу жайына акча бөлүү системасын өзгөртүү сунушталып жатканын «Азаттык» радиосуна мыйзам долбоорун иштеп чыккан эксперттик топтун мүчөсү Элдар Абакиров билдирген. Ал эгер долбоор колдоо тапса, бюджеттик акча баланын санына жараша бөлүнүшү керек болот, ваучер системасы киргизилерин билдирген:

 

«Азыр Кыргызстанда 1 миллион 150 миңге жакын наристе бала бакчага барышы керек, бирок анын 24% эле барат – 250 миңдин тегерегиндегиси. Бюджеттин акчасы ошол миллион балага эмес, 250 миң балага эле коротулуп жатат имараттарды каржылап. А биз ошол акчаны бала бакчага бара турган курактагы ар бир балага бөлүп берели деп жатабыз. Кайсы бала бакчага барса, акча ошонун артынан ээрчисин, тарбиячылардын айлыгына колдонулсун. Мектеп боюнча да ушундай. Бала кайсы мектепке барса, акча артынан барсын. Азыр, мисалы, бюджеттен бөлүнгөн акчаны ар бир окуучуга эсептегенде ошол мектептин макамына (мисалы, гимназия деген) же башка себептерге жараша ар кандай болуп, кээ бир мектептерге эки эсе көп бөлүнүүдө – бир жерде 20 миң сом, башка бир жерде 11 миң эле сом. Бул адилетсиздик. Балада эмне күнөө? Жогорку окуу жай боюнча да ошондой. Мамлекеттин гранттык акчасын алган студент окуу жайды өзү тандасын. Ошондо университеттер да бири-бири менен атаандашып, студент үчүн күрөшүп, сапат жаралат”.

Абакиров бала бакча ачууну каалагандарга коюлуучу талаптарды жөнөкөйлөтүү, уруксат документтерин азайтуу сунуштары да берилгенин, алыскы, шарты катаал аймактардын өзгөчөлүктөрү эске алынганын, жогорку окуу жайлардын лицензия боюнча талаптары ошо бойдон калып жатканын кошумчалаган.

Мыйзам долбооруна эми президент кол койсо, өлкөнүн Бюджеттик кодексине жана “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет.

Билим жана илим багытындагы беш мыйзамдын ордуна бирдиктүү бир мыйзамды иштеп чыгуу аракетин өкмөт эки жыл мурда баштаган. Министрлик өзүнчө, депутаттар эксперттик топ менен бирге өзүнчө эки долбоорду иштеп чыгышкан. Натыйжада экөөнүн макулдашылган варианты парламенттин кароосуна киргизилген.