Бишкектин кээ бир жеринде жарык өчөт

Борбор калаанын бир нече аймактарында 30-июнь күнү жарык өчөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасы билдирди.
График:

5:00-17:00 — Достук кичи районунда, Эгинчиев, Шаттык, Маданият, Билим, Кубаныч, Орнок жаңы конуштарында, Касым конушунда, Кайназарова, Профсоюзный, Достук 2, Достук 4, Керемет 1, Керемет 2, Талды-Суу, Буурдин, Ала-Бука, Темиров, Месарош, Патрис Лумумба, Салтанат, Аманат, Ынтымак көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Ильмен жана Эркин-Эл тар көчөлөрүндө;

9:00-17:00 — 8-кичи райондо (№ 9 үй), Ынтымак, Ала-Тоо-1, Ак-Бата (Ак-Бата, 1-20 көчөлөрү) конуштарында, Чоң-Арык айылында;

9:30-13:00 — Осмонкул, Суворов, Молдавия, Күрөңкеев көчөлөрүндө, Балыкчы тар көчөсүндө;

9:30-15:00 — Элебаев көчөсүндө, Геология тар көчөсүндө;

9:30-17:00 — Элебесов, Тушин көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Көлмө (Мыскал, Жаштык) конушунда жана Пригородный (Дорожная көчөсү) айылында;

13:00-17:00 — Курманжан датка, Волхова, Славян көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Жибек жолу проспектисинде.