Ош жана Талас облустарында перинаталдык борборлор курулат

Ош жана Талас облустарында перинаталдык борборлор курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.   Чиновник белгилегендей, заманбап перинаталдык борборлорду, балдар ооруканаларын, төрөт үйлөрүн куруу, андагы медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу мамлекеттин негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи.   Бирок объекттер качан куруларын жана ага… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган гараждар алынууда

Бишкектин Жусуп Абдрахманов 145, дарегинде мыйзамсыз орнотулган 21 гараж алынды. Муниципалитеттен билдиришкендей, анын натыйжасында 260 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.   Буга чейин мэрия муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөрдү берген.   Эми гараждардын ордуна жол курулат.

Чүйдө 5 миң кишиге ылайыкташкан ФАП курулууда

Чүйдүн Мраморное айылында 5 миң кишиге ылайыкташкан ФАП курулууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Эки кабаттуу фельдшердик-акушердик пункт 100 пайыз жергиликтүү бюджеттен каржыланат жана ага жалпысынан 19 миллион сом жумшалат. Имарат заманбап жабдыктар менен жабдылат, — деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрүштүк багытта балык уулоого тыюу салынды

Ысык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрүштүк багытта балык уулоого тыюу салынды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Документте «аталган көлдөрдү байырлаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана ташып чыгууга үч жылга убактылуу мораторий жарыялансын», — деп жазылган.   Тыюу салуу… Кененирээк…

Кыргызстанда ички дүң өнүм дээрлик 4 пайыз өстү

Кыргызстанда ички дүң өнүм дээрлик 4 пайыз өстү. Жылдын биринчи кварталында өлкөнүн негизги экономикалык көрсөткүчтөрүндө жалпысынан өсүш болгонун Улуттук статистика комитети билдирди.   Маалыматка ылайык, ИДП өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 3,9 пайыз жогорулап, 453 миллиард сомдон ашты. Мындай өсүш негизинен товардык өндүрүштүн жана тейлөө… Кененирээк…