Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы мектеп пайда болот

Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, Токтогул айылында жайгашкан Шопоков атындагы билим берүү мекемесинин жаңы имараты 225 окуучуга чакталат.

 

Анда окуу класстарынан тышкары медициналык кабинет, акты жана спорт зал, музыка классы каралган. Мектептин курулушу ушул жылы аяктайт.