Баткенде ажылык сапардан келе жаткан жарандар үчүн “жардам көрсөтүү” жайлары уюштурулду

Баткен облусунда ажылык сапарга баргандарды тосуп алуу, аларга керектүү жардамдарды жеринде көрсөтүү максатында “жардам көрсөтүү” жайлары уюштурулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, алыскы ажылык сапардан келе жаткан жарандар аба ырайынын ысыктыгынан, узак жолдон, ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж болуп калган учурда, аталган пункттарга кайрылса болот. Жарандарга атайын адистер тийиштүү медициналык жардамдарды акысыз көрсөтүшөт.

Баткен облусунда 4 “жардам көрсөтүү” жайы уюштурулуп, алар 13-14-июль күндөрү иштемекчи:

  • Кызыл-Кыя шаарында Баткен облусунун кире беришинде;
  • Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагынын кире беришинде;
  • Баткен районунун Чоң-Гара айылынын кире беришинде;
  • Лейлек районунун кире беришинде.

Белгилей кетсек, 18-июнда Баткен облусунан 700 жаран, 17 ажы башчы ажылык сапарга жөнөп кеткен. Аларды Кызыл-Кыя шаарынан облус башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер узаткан.