Бир мандаттуу Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого 13 миллион 200 миң сом жумшалат

Бир мандаттуу Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого 13 миллион 200 миң сом жумшалат. Бул тууралуу БШКнын бүгүнкү отурумунда жарыяланды. Комиссия мүчөлөрү анда кайра шайлоону 10-сентябрда өткөрүү чечимин кабыл алып, чыгымдардын сметасын бекитти.

 

Кайра шайлоонун чыгымдары азайтылды, алсак, 28-майда өткөн добуш берүүгө 18 миллион 800 миң сом сарпталган болчу.

 

Эске салсак, 16-июнда Боршайком шайлоонун  жыйынтыгын жокко чыгарган. Лидерликке жеткен талапкер добуштарды сатып алууга шектелген.