Киров суу сактагычындагы Бала-Саруу ГЭСине Австриядан жабдуу алынат

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бала-Саруу ГЭСине керектүү жабдууларды алууга байланыштуу Австрияга жумушчу сапар менен барды. Аталган министрликтин басма сөз кызматы анда министр Венадагы «Global Hydro Energy» заводунда болуп, жабдуулар сыноодон өткөрүлгөнүн, техникалык көзөмөл жүрүзүлгөнүн билдирди.

«Бала-Саруу ГЭСине керектүү гидротурбиналык жабдууга кирген спиралдык камера, турбина алдындагы бекиткич, багытточу аппараттар, муздатуучу системаны сыноодон өткөрүп, техникалык жактан көзөмөлдөөгө келгенбиз. Жабдуулардын баары курулуш графигине ылайык этап менен жеткирилүүдө. Жабдуулардын сапаты биз ойлогондой болду. Бала-Саруу ГЭСинин негизги жабдуулары даяр жана Кыргызстанга жөнөтүү алдында турабыз»,-деди Ибраев.

“Global Hydro Energy” компаниясы Бала-Саруу ГЭСи үчүн жалпы кубаттуулугу 25 МВтты түзгөн үч гидроагрегат комплексти камсыз кылары айтылган. Белгилеген планга ылайык, аталган ГЭС ушул жылдын соңуна чейин ишке берилиши керек.

2021-жылдын аягында өкмөт «Чакан ГЭС» ачык акционердик коому Таластагы Киров суу сактагычына Бала-Саруу ГЭСин куруу үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 22,9 миллион доллар аларын билдирген. Анда жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзгөн, үч генераторлуу, орточо 92 млн. кВт. саат өлчөмүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу чакан ГЭС курулары айтылган. Анын иштөө режими ирригациялык режимге жана Киров суу сактагычынан сууну кое берүүсүнө ылайык жөнгө салынары белгиленген.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда азыркы учурда 30га жакын чакан гидроэлектростанция курулуп жатканын билдирген.