Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салынды

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салынды. “Жарнама жөнүндө” мыйзамына  өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом долбооруна Садыр Жапаров кол койду.

 

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда мыйзамга ылайык, организмге сергитүү таасирин камсыз кылган кофеин жана башка сергитүүчү кошулмаларды камтыган алкоголсуз ичимдиктер энергетикалык суусундук катары саналат.

 

Мыйзамдын негизинде мындай суусундуктар 18 жашка чейинкилерге сатылбашы керек.