Ордо калаада цирк имараты калыбына келтирилет

Ордо калаада цирк имараты калыбына келтирилет. Бул тууралуу президент администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, имаратта толугу менен вентиляция жана жылуулук системасы жаңыртылат.

 

Андан тышкары, бардык тиешелүү заманбап шарттарды түзүү пландалууда. Оңдоо иштери 5 айга созулат. Белгилеп кетсек, цирк имараты 50 жыл мурда курулуп, бир дагы жолу ремонттон өткөн эмес.