Бишкек – Ош унаа жолундагы кар көчкүдөн тосуучу галерея сентябрда колдонууга берилет

Бишкек – Ош унаа жолундагы кар көчкүдөн тосуучу галерея сентябрда колдонууга берилет.

 

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жакынкы арада объектти ведомство балансына өткөрүү процедурасы башталат.

 

Жайдын аягына чейин бардык иштер аяктап, галерея ишке кирет. Эске салсак, объект Бишкек – Ош трассасынын 246-чакырымында жайгашат. Ал кышкысын унааларды кар көчкүдөн коргойт. Долбоор япониялык донорлордун каржылоосу менен ишке ашууда.