Балыкчы – Бишкек жүргүнчү поездинин курамына VIP-класстагы вагон кошулду

Балыкчы – Бишкек жүргүнчү поездинин курамына VIP-класстагы вагон кошулду. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, ал бардык коопсуздук талаптарын эске алуу менен түзүлгөн.

 

Анын ички жасалгасы улуттук элементтерди камтыйт. Вагондо чоң айнектер, кондиционер, сыналгы жана Wi-Fi бар. Ыңгайлуу шарттар менен Балыкчыга каалоочулар жакынкы күндөрү бара алат.