Салыктарды төлөө убактысы келди

Салыктарды төлөө убактысы келди.   Мамлекеттик салык кызматынан эскертишкендей, 1-сентябрга чейин жарандар транспорт, турак-жай жана үй алдындагы жер тилкелери үчүн салыктарды төлөшү керек.   Өз убагында төлөөгө жетишпей калгандар 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сомдон айып салынат. Салыктар банк кассаларында, почта бөлүмдөрүндө, төлөм… Кененирээк…

Бишкектин Ленин округу боюнча Жогорку Кеңеш депутатын кайра шайлоо  10-сентябрга белгиленди

Бишкектин Ленин округу боюнча Жогорку Кеңеш депутатын кайра шайлоо  10-сентябрга белгиленди.   Бул тууралуу novosti.kgге БШКдан билдиришти. Эске салсак, 16-июнда Боршайком 28-майда өткөн шайлоонун  жыйынтыгын жокко чыгарган.   Лидерликке жеткен талапкер добуштарды сатып алууга шектелген. Андан кийинки каттоодо турган талапкер дагы шайлоо фондунан тышкары каражат… Кененирээк…

Калыс-Ордо конушундагы социалдык шаарчанын курулушу аяктап калды

Бишкектин Калыс-Ордо жаңы конушундагы социалдык шаарчанын курулушу аяктап калды. Мэриянын маалыматына ылайык, курулуш кайрымдуулук фондунун эсебинен жүрүүдө.   Учурда калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн 15 турак жайдын, медициналык амбулаториянын курулушу дээрлик бүтүп, бир нече объектилердин ичи жасалууда.   Ошондой эле мектеп жана бала бакча… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы Талас дарыясынын сол жээги бекемделди

Кыргыз-казак чек арасындагы Талас дарыясынын сол жээги бекемделди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Манас районунун Үч-Коргон айылында дарыянын жээгинин 400 метрин бекемдөө быйылкы жылдын «Капиталдык курулуш» бөлүгүнө киргизилген. Анын натыйжасында эки өлкөнүн чек ара тилкеси, 350 гектар жайыт жер, 57 турак жай, бир… Кененирээк…

Кыргызстанда туристтер үчүн QR-коддуу маалыматтык стенддер даярдалды

Кыргызстанда туристтер үчүн QR-коддуу маалыматтык стенддер даярдалды. Туризм департаментинен билдиришкендей, аларды иштеп чыгууга чет элдик агенттиктер көмөк көрсөткөн.   Жалпысынан туристтерге багыт бере турган 120дан ашык санариптик көрсөткүчтөр жасалды. Учурда алар орнотуу үчүн аймактарга өткөрүлүп берилүүдө.   QR-кодду сканерден өткөрүп, туристтик жай жөнүндө, анын кыскача… Кененирээк…

ӨКМ аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Анда бүгүнтөн тарта 14-июлга чейин абанын табы кескин жогорулап, күн катуу ысый турганы жазылган.   Мындай учурда организмди чаңкоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактоо үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө сунушталат.   Адистердин айтымында, ысык… Кененирээк…

Күзгө чейин бир катар салыктарды төлөө керек

Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет.   Ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражатына, турак үй, батирге, үйдүн, короо-жайдын жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө керек. Салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып… Кененирээк…

Бишкекте тышкы жарнаманы иретке келтирүү уланууда

Бишкекте тышкы жарнаманы иретке келтирүү боюнча рейддер уланууда.   Муниципалитеттен билдиришкендей, күндүз Абдрахманов көчөсүн бойлой Киев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин, андан ары Бөкөнбаев көчөсүндө Манас проспектисине чейин, Москва көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнө чейин, Токтогул көчөсүндө Манас проспектисине чейин, Киев көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнө чейин, Чүй проспектиси менен… Кененирээк…

Төө-Ашууда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди

Төө-Ашуудагы туннель бүгүнтөн тарта маал-маалы менен унаа кыймылы үчүн жабылды.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, мындай чектөө 18-июлга чейин уланат. Ага ылайык, жол күнүгө үч маал, тактап айтканда таңкы саат 5тен 8ге чейин, күндүзгү саат 10дон 12ге чейин жана түштөн кийин саат… Кененирээк…

Бишкекте суу берүү толугу менен калыбына келтирилди

Бишкекте суу берүү толугу менен калыбына келтирилди. Мэриядан ишендиришкендей, «Бишкексууканалдын» командасы «Көк-Жар» суу алгычында эки күнгө пландалган чоң көлөмдөгү иштерди бир күндө аягына чыгарды.   Резервуарлар дезинфекцияланып, шаардык суу түтүктөрүндө керектүү оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чаралардын натыйжасында ичүүчү суунун сапаты жана суу менен камсыздоо тутумунун… Кененирээк…