Жер шарынын түндүк бөлүгүн каптаган ысык бул аптада дагы күчөйт

Жер шарынын түндүк бөлүгүн каптаган ысык бул аптада дагы күчөйт. Бул тууралуу эл аралык метеорологиялык уюм билдирди.

 

Маалыматта айтылгандай, абанын температурасы түнкүсүн да жогорулап, жүрөк ооруларынын кармашына алып келиши мүмкүн.

 

Негизги көңүл күндүзгү жогорку температурага бурулганы менен түнкү температуранын жогорулашы ден соолукка зыян, өзгөчө аярлуу топко кирген адамдарга кыйын болот, — деп айтылат билдирүүдө.

 

Белгиленгендей, Түндүк Америка, Азия, Түндүк Африка жана Жер ортолук деңизинин айланасында абанын температурасы 40 градустан ашары күтүлүүдө.