Кыргызстанда жыл аягына чейин инфляция 10-12 пайызды түзөт

Кыргызстанда жыл аягына чейин инфляция 10-12 пайызды түзөт. Мындай божомолду Улуттук банктын башчысы Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди. Анын айтымында, мында бир катар коммуналдык кызматтардын тарифтеринин, ошондой эле Бишкекте коомдук транспортко жол киренин жогорулоосу эске алынды.

 

Бөкөнтаев кошумчалагандай, быйыл Борбор Азия чөлкөмүндө мурунку беш жылдыкка салыштырмалуу түшүмдүүлүк жогору болушу күтүлүүдө. Бул азык-түлүктүн кымбатташын ооздуктоого жардам берет.