Баткенде мобилдик клиника жарандарды акысыз текшерүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө чейин 700дөн ашык киши терапевт, уролог жана гинекологдун кеңешин алды.
Мындан тышкары, ВИЧ, вирустук гепатит В жана С, жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларга 1 миң 700дөй адам экспресс-тестирлөөдөн өтүп, 200гө жакын жаранга гепатит В га каршы вакцина жасалды.
Мобилдик клиника Баткен облусунда 7-августка чейин ишин улантат.