Европадагы аномалдуу ысык аба-ырайы зоопарктардын менюсуна өзгөртүү киргизүүдө

Европадагы аномалдуу ысык аба-ырайы зоопарктардын менюсуна өзгөртүү киргизүүдө.   Алсак, Мадридде жаныбарларга балмуздак берилди. Таттууну аюлар, кызыл пандалар, пингвиндер жана тюлендер жешти. Муну менен жаныбарларга мээ кайнаткан ысыкта жардам беришүүдө.   Испанияда аба табы 40 градустан ашып жатат. Экстремалдуу сезондо зоопарктын жашоочуларына көлөкө уюштурулуп, бассейндер… Кененирээк…

Дыйкан-фермерлерге 3,2 млрд сом насыя берилди

2023-жылдын 14-июлуна карата «Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоору боюнча дыйкан-фермерлерге 3 млрд 189 млн 408 миң сомго 7 миң 96 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 819 млн 238 миң сомго 1 951 насыя берилди, анын ичинен:… Кененирээк…

Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды

Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 17-июлда болжол менен саат 21:52де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.   Жер титирөө Кадамжай районунун Сары-Талаа, Шуран айылдарында жана Айдаркен шаарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жаңы форматтагы боз үйлөр лагери ачылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жаңы форматтагы боз үйлөр лагери ачылды. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун маалыматына ылайык, ар бир боз үй ыңгайлуу шарттар менен камсыздалган.   Бул жерде ачык асман алдындагы амфитеатр, кафе жана панорамалык аянтча дагы бар.

Кыргызстанда тонировкага уруксат алуунун баасы арзандашы мүмкүн

Кыргызстанда тонировкага уруксат алуунун баасы арзандашы мүмкүн. Ички иштер министрлиги унаанын айнегин караңгылатуунун баасын убактылуу төмөндөтүүнү сунуштаган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.   Бул каалоочулардын аз болуп жатканына байланыштуу, — дешет ведомстводон. Документке ылайык, жеке айдоочуларга 80 миң сом эмес 50 миң сом, физикалык жактарга… Кененирээк…

Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Ага президент Садыр Жапаров кол койду. Документке ылайык, орус тил расмий бойдон калууда. Мыйзам Кыргызстандын жарандарына жана республикада жашаган чет элдиктерге тиешелүү.   Анда кыргыз тилинин колдонулушунун жана тил саясатын мамлекеттик деңгээлде жүргүзүүнүн укуктук негиздери белгиленген.   Ошондой эле… Кененирээк…