Кыргызстандын эмгек рыногунда суроо-талапка ээ кесиптер аталды

Кыргызстандын эмгек рыногунда дарыгер, уста жана китепканачы кесиби өзгөчө суроо-талапка ээ. Мындай маалыматты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарыялады.   Ведомствонун мониторингине ылайык, ушул жылдын жазында облустардагы эмгек рынокторунда тигүүчү, айдоочу, бухгалтер жана электр газ ширетүүчү адистер көбүрөөк талап кылынган.

Бишкекте №31 бала бакча оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Бишкекте 105 орунга ылайыкталган №31 бала бакчаны оңдоп-түзөө уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.   Учурда негизги корпусту капиталдык оңдоо жана бекемдөө, чатырын иретке келтирүү иштери аяктады. Ички жасалгалоо менен бирге бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.   Эске салсак, бала бакча… Кененирээк…

Кыргызстанда доллар таңкыстыгы жок

Кыргызстанда доллар таңкыстыгы жок.   Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев ишендиргендей, өлкөдөгү валюта рыногундагы жагдай «туруктуу» жана керектүү чаралар убагында көрүлүп жатат.   Ал кошумчалагандай, алты айда он жолу интервенция жасалып, 500 миллиондон ашык доллар сатылды.

Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.   Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүү эртең мененки саат 09:45те болду. Жер титирөө Кадамжай районунун Кара-Дөбө, Кожо айылдарында 4 балл, Үч-Коргон, Котур-Булак, Ак-Булак айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарында 3,5 балл, ал эми Чаувай, Караван айылдарында 3 баллга чейин… Кененирээк…

Соцфонд жыл башынан бери 38 миңден ашуун жаранга пенсия чектеди

Кыргызстандын Социалдык фонду 2023-жылдын январь-июнь айларында 38 миң 774 жаранга пенсия чектеди.   Соцфонддун маалыматына караганда, анын ичинде 2023-жылы июнь айында 4 миң 583 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1218 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо уланууда

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо уланууда. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, кечээ Фучик көчөсүндө 120 курулуш түрттүрүлдү.   Арасында дүкөндөрдүн, акча алмаштыруу жайларынын кошумча курулуштары бар. Алдыдагы күндөрү иштер Чүй проспектисин бойлой жүргүзүлөт.  

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйтүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйтүлүшү мүмкүн. Социалдык фонд министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ведомство пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн көтөрүүнү сунуштап жатат.   Базалык бөлүгү тууралуу документте айтылган эмес. Каражаттын камсыздандыруу бөлүктөрү индексациялоо коэффициентинин жогорулашына байланыштуу эң аз дегенде 500 сомго көбөйөт.   Пенсияны көтөрүү… Кененирээк…

Ленин районуна жаңы аким дайындалды

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жарлыгы менен Жыргалбек Шакиев Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлды.   Буга чейинки аталган райондун акими Мураталы Тагаев кандай негизде иштен бошотулганы тууралуу маалымат берилген жок. Жыргалбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин… Кененирээк…

Баткенде кайрадан жер титирөө катталды

Баткен облусунун аймагында кайрадан жер титирөө катталды.   КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 09:45те катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен. Жер титирөө Кадамжай районунун Кара-Дөбө, Кожо айылдарында 4 балл, Үч-Коргон, Котур-Булак, Ак-Булак айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарында 3,5 балл, ал эми Чаувай,… Кененирээк…

Ысык-Көл-Бишкек жолундагы тыгында эреже бузган 353 айдоочуга айып пул салынды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жекшембиде Ысык-Көл-Бишкек жолунда машиналардын каттамы кескин көбөйүп, ылдамдык жана каршы тилкеге чыккан эреже бузуулар катталганын билдирди.   Жалпы айып пул салынган 353 айдоочунун жетиси каршы тилкеге чыккан, калганы ылдамдык эрежесин сактаган эмес. ЖКККБ Ысык-Көл-Бишкек жолунда эрежени так сактоого чакырат.  … Кененирээк…