Жоокерлерди кызматта мөөнөтүнөн ашык кармоого уруксат берилди

Өлкөдө жоокерлерди кызматта мөөнөтүнөн ашык кармоого уруксат берилди. Бул боюнча мыйзамга Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, Куралдуу күчтөрдүн штаб башчысы тиешелүү күч түзүмүнүн жетекчисинин өтүнүч катынын негизинде аскердин кызматтагы мөөнөтүн эки айга чейинки убакытка узарта алат.

 

Мындан тышкары, жогорку аскердик окуу жайды аяктаган кызматкерлердин келишимдик аскер кызматынын мөөнөтү да 5 жылдан 10 жылга узартылды.