Кыргызстанда «кайрылман» макамын алуу тартиби жеңилдеди. Тиешелүү мыйзамга президент кол койду.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, тарыхый мекенине кайтууну каалагандар Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтерине жана консулдуктарына кайрылып, арыз-документтерин тапшыра алышат. Андан кийин он жумушчу күндүн ичинде калктын миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органына жөнөтүлөт.
Этностук кыргыздар жана кайрылмандардын чек арадан менчик унаасы менен да өтүүсүнө жол ачылды.