Быйыл сентябрдан тарта мектеп жетекчилеринин айлыгы көтөрүлөт

Быйыл сентябрдан тарта мектеп директорлорунун, окуу бөлүм башчыларынын айлык акыларын көтөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

 

Ал белгилегендей, быйылкы жылы билим берүү тармагына дээрлик 61 миллиард сом бөлүндү. Бул былтыркыдан 23 млрд сомго көп.

 

Эске салсак, мугалимдердин айлыгы былтыр 1-апрелден тартып 50-80 пайызга чейин көбөйтүлгөн.