Кыргызстан 10 гемодиализ аппаратын сатып алды

Кыргызстан 10 гемодиализ аппаратын сатып алды. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, буга 16 миллион 550 миң сомдон ашык сарпталды. Маалыматка ылайык, аппараттардын чыгымы толугу менен Садыр Жапаровдун фондунан төлөнгөн.

 

Белгиленгендей, төрт аппарат Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасында орнотулду. Дагы төртөө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гемодиализ бөлүмүнө коюлду. Экөө Нарын облусунун Жумгал районундагы Жалпы дарыгерлик тажрыйба борборуна берилет.