Кыргызстанда өтө маанилүү дары-дармектердин максималдуу баасы белгиленет

Кыргызстанда өтө маанилүү дары-дармектердин максималдуу баасы белгиленет.

 

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, наркты белгилөөдө дары-дармектин башка өлкөлөрдөгү баасы, ташуу, бажы төлөмдөрү жана жыйымдар сыяктуу факторлор эске алынат.

 

Фармацевтикалык компанияларга бул дарыларды белгиленген чектен жогору сатууга тыюу салынат. Ошол эле учурда Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн дары-дармектерге жана баасы 100 сомдон төмөн болгон дарыларга эреже колдонулбайт.