Кытай элчилиги үй тибиндеги 10 бала бакча ачууга жардамдашат

Кытай элчилиги Кыргызстанда үй тибиндеги 10 бала бакча ачууга жардамдашат. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билдиргендей, ушундай эле дагы 15 бала бакча жергиликтүү бизнес коомчулугунун жардамы менен ачылат.

 

Белгиленгендей, мектепке чейинки билим берүү мекемелери “өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында алдыдагы бир айда пайда болот.