Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ага ылайык, 20-июлдан 22-июлга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Мунун себеби туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу. Жарандарга сак болуу сунушталат.