Баткендин чек арага чектеш аймактарында 15 соцобъекттин курулушу жүрүүдө

Баткендин чек арага чектеш аймактарында 15 социалдык объекттин курулушу жүрүүдө. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда 10 объект курулуп жатса, бешөөндө оңдоо жумуштары аткарылууда.

 

Иштерди жылдын аягына чейин бүткөрүү жана пайдаланууга берүү пландалган. Ошондой эле ар бир объектти керектүү жабдуулар жана эмеректер менен камсыздоо жагы белгиленген.