Дүйнөлүк паспорт индексинде Кыргызстан 76-орунда турат

Дүйнөлүк паспорт индексинде Кыргызстан 76-орунда турат. Рейтингге ылайык, кыргызстандыктар 63 мамлекетке визасыз бара алат.

 

200дөй мамлекеттин ичиндеги тизменин башында Сингапур турат, бул өлкөнүн жарандары 192 мамлекетке визасыз барат. Андан ары Германия, Италия Испания, Жапония, Түштүк Корея турат.

 

Рейтингдин акыркы сабында Афганистан, Ирак, Сирия — бул мамлекеттердин тургундары визасыз бара ала турган өлкөлөрдүн саны 30дун тегерегинде.